Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 15-октябры № 473
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 15 октябрындагы
№ 473 токтому менен жактырылган
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 52-пунктуна ылайык айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанууда беренелердеги бөлүктөрдү, пункттарды жана тамга менен белгиленген пунктчаларды өзгөртүүгө жол берилбейт.