Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 482
“Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
1-берене
“Инвестициялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясында:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда инвестициялык фонддорго акча каражаттарын тартуу жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.”.
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын тартуу инвестициялык үлүштөрдү жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.”.
2) 2-статьясында:
- он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы саны - сатып алынган баалуу кагаздардын жалпы санын кемитүү менен кийинки инвестициялык фонддун жайгаштырылган баалуу кагаздарынын жалпы саны.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы - жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын: