Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры № 427
Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды жана курамында спирт бар продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү натыйжалуу мамлекеттик контролдоону камсыздоо максатында, «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин, алкоголдук жана спирт продукцияларын өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын:
- 46-пунктунун биринчи абзацы «акт» деген сөзгө чейин «ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык» деген сөздөр менен толукталсын:
- 10-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 471-пункт менен толукталсын:
«471. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамын алкоголдук продукция сакталган жайга мыйзамсыз киргизбеген учурда же «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузуулар менен сатканда жана сактаганда алкоголдук продукция көп өлчөмдө болгондуктан аны алып коюуга мүмкүн болбогон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча аталган жайды мөөр басып бекитүү жөнүндө акт түзүлөт. Сактоочу жай мөөр басылып бекитилет жана алкоголдук продукция жооптуу сактоого ишкер субьектинин кызмат адамына өткөрүлүп берилет.»;
- 13-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 631-пункт менен толукталсын:
«631. «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүндөгү талаптарды бузуу менен сатылган этил спирти жана алкоголдук продукция жүгүртүүдөн алынууга тийиш. Мындай учурда ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча акциздик товарларды убактылуу алуу актысы түзүлөт.»;
- жогоруда аталган Нускаманын тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-4 - тиркемелер менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
1-тиркеме
Форма «1-тиркеме
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну текшерүү
20___-жылдын «____» __________ ______________
Актты түзгөн _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин кызмат орду)
_________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________ тарабынан
(ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)