Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 547
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча "мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык геологиялык маалымат ресурстары ачык жана акы төлөмө болуп саналат.
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануунун эки деңгээли белгиленет:
1) таанышуучу - маалыматты Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имаратынын чегинен сыртка алып чыкпастан жана көчүрмөсүн албастан геологиялык маалыматты изилдөө деңгээли;
2) пайдалануучу - азыркы учурда иштеп жаткан жер казынасын пайдалануучуларынын жеке менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтан тышкары, кыйла толук геологиялык маалыматты камтыган документтердин электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк берген деңгээли.";
- 6-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |