Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген |
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 361, 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 321, 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык геологиялык маалымат ресурстары ачык жана акы төлөмө болуп саналат.
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануунун эки деңгээли белгиленет:
1) таанышуучу - маалыматты Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имаратынын чегинен сыртка алып чыкпастан жана көчүрмөсүн албастан геологиялык маалыматты изилдөө деңгээли;
2) пайдалануучу - азыркы учурда иштеп жаткан жер казынасын пайдалануучуларынын жеке менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтан тышкары, кыйла толук геологиялык маалыматты камтыган документтердин электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк берген деңгээли.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун иш тартиби геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларында гана жол берилет.
Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайлары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана ишканаларынын кызматтык жайлары болуп саналат.
Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө акылуу кызматкерлери жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипке ылайык кызматтык жайларда иштөө үчүн геологиялык маалымат ресурстарын алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик сырды түзүүчү геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга уруксат алуу үчүн геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык таризделген ыйгарым укуктуу адамдын колу коюлган билдирме жиберилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. Пайдалануучуларга Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларында видео-фото жана башка ыкмалар менен берилген маалыматтын көчүрмөсүн алууга тыюу салынат.
8. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу укугун алууга берилген билдирмелер билдирмелерди каттоо журналында катталат. Билдирмелерди каттоо жана геологиялык маалымат ресурстарын түздөн-түз пайдаланууну камсыздоо геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган, билдирменин каттоо датасынан тартып үч күндүк мөөнөттө геологиялык маалыматты берүү жана аны пайдалануу үчүн акынын айкын өлчөмү жөнүндө чечим кабыл алат жана бул жөнүндө билдирүүчүнү кабарлайт же геологиялык маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөсү көрсөтүлгөн билдирүү жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Оң тарабына каралган чечимдин негизинде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөө жөнүндө квитанция берилгенден кийин геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга жол берилет.