Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 584
“Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1994-ж., №3, 85-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
16-статьясында:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы “калкты” деген сөздөн кийин “, ошондой эле өнөр жай объекттерин” деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү “Аймакты” деген сөзгө чейин “Ушул статьянын 31-бөлүгүндө белгиленгенден башка учурларда” деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүгү менен толукталсын:
“31. Өнөр жай комплекстерин куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезегин эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу аркылуу курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт.”;
29-статьясынын үчүнчү абзацындагы “тиешелүү уруксатысыз” деген сөздөр “долбоордук-сметалык документтерге карата экспертизасынын оң корутундусу болмоюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36-статьяда:
а) 3-бөлүгүндөгү “, курулушка уруксат берилгени жана ал берилген мөөнөтү көрсөтүлгөн маалыматты” деген сөздөр “долбоордук-сметалык документтерге карата экспертизалардын оң корутундусу жана ал берилген дата” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндөгү “Курулуш ниетин ишке ашырууга жер участогун же белгиленген тартипти бузуу менен курулуш иштерине уруксат” деген сөздөр “Жер участогун жана курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн документтерди белгиленген тартипти бузуу менен берген” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 39-статьясынын 2-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасындагы жекече турак жай курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: