Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 633
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-статьясында:
а) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“шайкештикти декларациялоо – жүгүртүлүүгө чыгарылып жаткан продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо формасы;”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы кырк төртүнчү – элүү экинчи абзацтар менен толукталсын:
“продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик системасы (ПКМС) – мамлекеттик органдарды, ишканаларды жана уюмдарды республикада чыгарылган продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөсү, анын даярдоочусу жана продукция бериле турган стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө ар тараптуу жана ырасталган маалыматтар менен камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык маалыматтык система;
каталогдук барак – продукциялардын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөсү жөнүндө ырасталган маалыматтарды камтыган документ;
техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификатору (мындан ары – мамлекеттик классификатор) – техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациясына (класстарына, топторуна, түрлөрүнө жана башкаларга) ылайык бөлүштүрүүчү жана мамлекеттик маалыматтык системаларда жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте маалыматтарды ведомстволор аралык алмашууда милдеттүү болуп саналган стандартташтыруу боюнча документ;
техникалык шарттар – даярдоочу тарабынан бекитилген, даярдалган продукцияга техникалык талаптарды аныктоочу документ;
мамлекеттер аралык стандарт (МАМСТ) – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган региондук стандарт;
региондук стандарт – стандартташтыруу боюнча региондук уюм кабыл алган стандарт;
уюм стандарты – юридикалык жак тарабынан өндүрүштү өркүндөтүү жана анда жасалган продукциянын, жумуштардын жана тейлөө кызматтарынын сапатын камсыз кылуу үчүн бекитилген стандарт;