Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 631
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 317 "Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун формасы, 7-тиркемеге ылайык";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун толтурган формасын Кыргыз Республикасында КТАД ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин алдындагы КТАД катчылыгына 7-тиркемеге ылайык берип туруу сунушталсын.";
- жогоруда аталган токтомдун 1-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда 7-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кен казуучу компаниялардан 5 өкүл (макулдашуу боюнча);
коомдук бирикмелерден 5 өкүл (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 2 депутат (макулдашуу боюнча).".
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин (мындан ары - КТАД) жүзөгө ашырууда жалпы көзөмөлдү, координациялоону жана консультациялык жардамды камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары
2. Кеңештин негизги милдеттери:
- КТАДды жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышын кароо жана контроль жүргүзүү;
- КТАДды жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- КТАДдын топтомо отчетун жарыялоо үчүн кароо, талкуулоо жана бекитүү.
3. Кеңештин функциялары:
- кен казып алуу тармагынын ачыктыгын жогорулатуу үчүн мыйзам чыгаруу актыларынын, институттук, финансылык жана жөнгө салуу маселелеринин учурдагы жана потенциалдуу тоскоолдуктарын баалоо;
- мамлекеттик органдарда, жарандык коомдо жана кен казып алуучу компанияларда өлчөөгө жана баалоого мүмкүн болгон так максаттары, убактылуу иш графиги жана орун алышы ыктымал тобокелди жана чектөөлөрдү реалдуу баалоосу менен Кыргыз Республикасында КТАД боюнча биргелешкен иштөө планын бекитүү;
- кен казып алуучу компаниялар менен мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдардын долбоорлорун жактыруу;
- кен казып алуучу компаниялардын жана мамлекеттик органдардын отчетторун ар жылы салыштырып текшерүү үчүн көз карандысыз компанияны тандоо сынагынын жыйынтыктарын бекитүү;
- Кыргыз Республикасында КТАДды киргизүү прогрессин баалоо үчүн көз каранды эмес эл аралык баалоочуну (валидаторду) тандоо сынагынын жыйынтыктарын бекитүү;
- Кыргыз Республикасында КТАДцы жүзөгө ашыруу үчүн донордук жана башка демөөрчүлүк жардамды тартуу.
4. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- КТАДдын катчылыгынын жетекчисин, КТАДды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин өздөрүнүн жыйындарында угууга;
- Кыргыз Республикасында КТАДды жүзөгө ашыруу үчүн донордук жана башка демөөрчүлүк жардамды тартууга.
3. Кеңештин ишин уюштуруу
5. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
6. Кеңештин жыйындары, эгерде ага Кеңештин курамынан үчтөн эки бөлүгү, анын ичинде мамлекеттик органдардан, кен казып алуучу компаниялардан жана коомдук бирикмелерден келген үчтөн кем эмес өкүл катышса, ал укуктуу болуп эсептелет.
7. Кеңештин мүчөлөрү чечим макулдашуунун негизинде кабыл алат. Зарыл болгон учурда Кеңештин чечими "кызыкдар тараптардын бир тобу - бир добуш" принциби менен добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана кен казып алуу тармагынын ачыктык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына иштелип чыккан сунуштары же рекомендациялары бар протоколдор түрүндө таризделет. Добуш берүү сырттан жазуу түрүндө жүргүзүшү мүмкүн.
8. Кеңештин курамы кызмат орундары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат. Кеңештин мүчөлөрүнүн жеке курамы мамлекеттик органдардын, кен казып алуучу компаниялардын жана коомдук бирикмелердин сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин буйругу менен аныкталат. Кен казып алуучу компаниялардан жана коомдук бирикмелерден дайындалган Кеңештин мүчөлөрү жаңы мүчөлөрдү өз алдынча чакырууга жана аларды ачык-айкын тартипте жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кайра шайлоого укуктуу, мында Кеңештин курамы өзгөргөндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине кабарлоо жиберет.
9. Кеңештин алдында анын жумушчу органы болуп саналган жана Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылган КТАДдын Катчылыгы түзүлөт.
4. КТАДдын Катчылыгынын функциялары
10. КТАДдын Катчылыгынын функциялары:
- мамлекеттик органдардан КТАД боюнча отчетторду жыйноо жана талдоо;
- КТАД боюнча отчетторду кеңири жайылтуу үчүн коомчулук менен байланыш стратегиясын, ошондой эле Кеңештин жыйындарынын протоколдорун даярдоо жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде КТАД боюнча маалыматтын талап кылынган көлөмүн толук камсыз кылуу үчүн рекомендацияларды талдоо жана даярдоо;
- КТАДдын Катчылыгынын веб-сайтын түзүү жана колдоо, веб-сайттын мазмунун дайыма жаңыртуу жана иштөөсүнүн интерактивдүү режимин камсыздоо;
- КТАД боюнча консультацияларды жүргүзүү жана КТАДдын принциптерин түшүндүрүү максатында мамлекеттик органдардын, кен казып алуучу компаниялардын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен өнөктөштүк байланыштарды колдоо;
- КТАДдын Катчылыгы менен кен казып алуучу компаниялардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдардын долбоорлорун даярдоо;
- КТАД боюнча отчеттордун эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- текшерүү боюнча көз карандысыз компанияны тандоо үчүн тендерлерди жүргүзүү;
- учурдагы иштерге мониторинг жана КТАДдын Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө тийгизген таасирин баалоо;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде отчетторду жана аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте жарыялоо.".
3-тиркеме
Кен казып алуучу компаниялар үчүн Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин алкагындагы отчеттуулуктун ИНДИКАТОРЛОРУ
1-таблица. Салыктык чегерүүлөр
Салыктык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 01 |
|
Пайдадан алынуучу салык | 02 |
|
Жер салыгы | 03 |
|
Алтын казып алуучу компаниялардын кирешесине салык | 04 |
|
Мүлк салыгы | 05 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы | 06 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 07 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга акциздик салык | 08 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 09 |
|
Сатуудан алынуучу салык | 10 |
|
Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык | 11 |
|
Бонустар | 12 |
|
Роялти | 13 |
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардан жалпы кирешеге салык | 14 |
|
Башка салыктар | 15 |
|
2-таблица. Бажылык чегерүүлөр
Бажылык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык ББТ колдонулган ставка боюнча төлөнгөн жана эсепке алынган ташып киргизүүдөгү бажы алымдары | 16 |
|
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алым | 17 |
|
Ташып чыгаруудагы бажылык алым | 18 |
|
Бажылык тариздөөгө жыйымдар | 19 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 20 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 21 |
|
3-таблица. Башка олуттуу чегерүүлөр
Төлөмдөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр | 22 |
|
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр | 23 |
|
Концессия үчүн төлөм | 24 |
|
Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер(*) | 25 |
|
Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*) | 26 |
|
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун тилкелеринин ижара төлөмү | 27 |
|
Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 28 |
|
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 29 |
|
Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайданын ордун толтуруу | 30 |
|
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм | 31 |
|
Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм | 32 |
|
Лицензия берүү үчүн төлөм | 33 |
|
Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм | 34 |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген төлөмдөр | 35 |
|
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
4-таблица. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кошумча чыгымдары
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом |
Билим берүүнү колдоо | 36 |
|
Социалдык инфраструктураны колдоо | 37 |
|
Рекультивациялык фондго чегерүүлөр | 38 |
|
Социалдык пакетке чегерүүлөр | 39 |
|
Башка кайтарымсыз төлөөлөр (аталыштарын көрсөтүү) | 40 |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи". |
4-тиркеме
Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчеттун ФОРМАСЫ
1-таблица. Салыктык чегерүүлөр (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _________________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН _____________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери ______________________________________________
Салыктык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 01 |
|
Пайдадан алынуучу салык | 02 |
|
Жер салыгы | 03 |
|
Алтын казып алуучу компаниялардын кирешесине салык | 04 |
|
Мүлк салыгы | 05 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы | 06 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 07 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга акциздик салык | 08 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 09 |
|
Сатуудан алынуучу салык | 10 |
|
Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык | 11 |
|
Бонустар | 12 |
|
Роялти | 13 |
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардан жалпы кирешеге салык | 14 |
|
Башка салыктар | 15 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
2-таблица. Бажы төлөмдөрү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН ___________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери _____________________________________________
Бажылык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык ББТ колдонулган ставка боюнча төлөнгөн жана эсепке алынган ташып киргизүүдөгү бажы алымдары | 16 |
|
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алым | 17 |
|
Ташып чыгаруудагы бажылык алым | 18 |
|
Бажылык тариздөөгө жыйымдар | 19 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 20 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 21 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | _______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
3-таблица. Башка олуттуу төлөмдөр
Салык төлөөчүнүн аталышы ______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН __________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери ____________________________________________
Төлөмдөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом | Отчет берүүчү мамлекеттик органдар |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр | 22 |
| Соцфонд |
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр | 23 |
| МСК |
Концессия үчүн төлөм | 24 |
| ӨЭЖПМК |
Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер(*) | 25 |
| ММБФ |
Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*) | 26 |
| ММБФ |
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун участокторунун ижара төлөмү | 27 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 28 |
| Мамкаттоо |
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 29 |
| Токой агенттиги |
Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайданын ордун толтуруу | 30 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм | 31 |
| ӨЭЖПМК |
Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм | 32 |
| Токой агенттиги |
Лицензия берүү үчүн төлөм | 33 |
| ӨЭЖПМК, Экотехинспекция |
Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм | 34 |
| Экотехинспекция |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген төлөмдөр | 35 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ӨЭЖПМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи |
СИН | - | салык төлөөчүнүн идентификациялык номери". |
5-тиркеме
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК СТАТИСТИКАЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык |
| АДМИНИСТРАТИВНАЯ СТАТИСТИЧЕСКАЯ ОТЧЕТНОСТЬ в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О государственной статистике" |
|
|
|
________________________________________________________________________________________________________________ | ||
Купуялык кепилденет |
| Конфиденциальность гарантируется |
Маалыматтарды берүү тартибин, мөөнөтүн бузуу, аны бурмалоо, купуялыгын сактабоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартууга алып келет | Нарушение порядка, сроков представления информации, ее искажение и несоблюдение конфиденциальности влечет ответственность, установленную законодательством Кыргызской Республики |
№ 4-КТАД формасы | Форма N 4-ИПДО | 6034074 |
ГКУД
Почталык-жылдык | Почтовая-годовая | 6034074 |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашылды 20__-жылдын "__" _________ | Согласована с Национальным статистическим комитетом Кыргызской Республики "__" ________ 20__года |