Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 28-январы № 20
Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо формасында шайкештикти баалоо жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
2. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо түрүндө шайкештикке баалоо жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмегине киргизилген продукцияга карата Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин жогоруда аталган Тизмекте көрсөтүлгөн продукциянын шайкештиги шайкештик жөнүндө декларация менен тастыкталышы мүмкүн, эгерде бул шайкештикти баалоо формасында каралса.
Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын 16-июлундагы № 119 "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында 2019-жылдын 12-августуна чейин колдонулган "Сүт жана сүттөн кайра иштетилген азыктардын коопсуздугу жөнүндө", "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарында катталган сериялык чыгарылуучу сүт жана сүт азыктарынын шайкештиги жөнүндө декларациянын колдонулуу мөөнөтү 2022-жылдын 12-августуна чейин узартылат.
Шайкештик жөнүндө декларация белгиленген талаптарга продукциянын шайкештигин тастыктаган документтердин негизинде арыз берүүчү тарабынан алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан же аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомдорунун редакциясына ылайык)