Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 78
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомунун редакцясына ылайык)
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун атайын каражаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) экинчи абзацтагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун атайын каражаттары жөнүндө жободо:
- аталышындагы, 1.2-пункттагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "экономикалык жөнгө салуу Министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралары жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу" жана "Ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу тууралуу" Мыйзамдары менен Жарлыгынын 8-пунктуна ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" жана "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-пункттагы "экономикалык жөнгө салуу Министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-пунктта:
- төртүнчү абзацтагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацтагы "экономикалык жөнгө салуу Министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-пункттагы "Экономикалык тескөө" деген сөздөр "Экономика жана коммерция" деген сөздөргө алмаштырылсын.