Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтомуна) Тиркеме |
Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244, 2025-жылдын 3-мартындагы № 108, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо тартибин аныктайт.
2. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан конкурстук жана аукциондук объекттерге таандык болбогон кум-шагыл аралашма жана чопо топурак участоктору курулуш максаттары үчүн иштелиши мүмкүн.
3. Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алууну жер казынасын пайдалануучу ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык формада, жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы тарабынан кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо тууралуу бериле турган күбөлүктүн (мындан ары - Күбөлүк) негизинде жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Күбөлүк берүү жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы тарабынан "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жүргүзүлөт. (Күбөлүк өтүнмө менен биринчи кайрылган арыз ээсине берилет).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Күбөлүк ушул Жобонун талаптарын аткаруу шартында бөлүнүп берилген жер тилкесинде кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу укуктарын берет.
6. Табигый рельефтен эки метрден ашпаган тереңдиктеги карьердин шарттарында кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу техникалык долбоорсуз жүзөгө ашырылат.
Карьердин тереңдиги 2 метрден ашкан учурда кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурактарын казып алуу өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатында оң эксперттик корутундуну алган техникалык долбоорго ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Күбөлүк бир гана жер тилкесине үч жылдык мөөнөткө андан ары үч жылга узартуу укугу менен берилет жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна күбөлүк алуу үчүн негиз болуп саналат.
Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу үчүн жер участогунун өлчөмү координаттын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттердин координаттары (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталат, жана:
- карьердин тереңдиги бетинин табигый рельефинен эки метрден ашпаган шартта кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу учурунда 1 гектардан ашпоого тийиш, ал эми дарыялардын нугунда же дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн жээгинде 0,1 гектардан ашпоого тийиш;
- карьердин тереңдиги 2 метрден ашкан учурда, өнөр жай жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө оң эксперттик корутунду алган техникалык долбоор менен аныкталышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Күбөлүктү берүү өзгөчөлүгү жана анын колдонуу мөөнөтүн узартуу
8. Күбөлүк алуу үчүн арыз берүүчү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, облустук маанидеги шаардын мэриясына төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:
- жайгашкан жерин жана координаттык тик бурчтуу системасында (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) анын бурчтук чекиттеринин координаттары менен жер тилкесинин өлчөмүн көрсөткөн арыз;
- жеке ишкерлер үчүн паспорттун көчүрмөсү;
- юридикалык жакты жана (же) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өндүрүүнүн, көлөмүн көрсөтүү менен арыз ээси бекиткен иштердин программасы;
- салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө жана салык органында салыктар жана жыйымдар боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында камсыздандыруу төлөмүн төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
Эгерде, жер тилкесин дарыялардын жана башка суулардын нуктарында же жээктеринде тапкан учурда, өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун арыз ээси кошумча берүүсү керек.
Эгерде, чек ара тилкесинин чектеринде жер тилкеси табылган учурда, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын макулдугун арыз ээси кошумча берүүсү керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы туруктуу иштөөчү комиссияны түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Комиссия арыз катталган күндөн тартып 25 календарлык күндүн ичинде арыздарды карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Чечим чыгаруу максатында комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга факсимилдик, электрондук же башка байланыш суралган тилкенин бар экендиги жөнүндө камтыган суроо-талап жиберет:
- жер казынасынын лицензияланган тилкелери;
- жер тилкесине макулдук берген өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- жер казынасын пайдалануу укугун алууга жер тилкесине берилген өтүнмө;
- конкурстук же аукциондук объекттерине кирген жер тилкеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 календарлык күндүн ичинде, райондук комиссияга ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыштын түрү менен берет.
13. Өтүнмө берилген жер тилкесинде пайдалуу казындылар кенинин 1-тобуна таандык болгон жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия бар болсо, комиссия өтүнүүчүдөн кошумча кат жүзүндө лицензияттын макулдугун талап кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Келип түшкөн материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрацияга Күбөлүктү берүү мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечимин берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)