Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 62
Айлана чөйрөнү коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо жөнүндө жобосун жана Кыргыз Республикасынын токойлорунда өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органдын кызматкерлеринин формалуу кийими жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралындагы N 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |