Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 18-январы № 30

Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийими жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 75-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпатталышы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийип жүрүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтери менен камсыздоо ченемдери 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлерин формалык кийиминин предметтери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине аталган максаттарга тиешелүү финансылык жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлерин кийип жүрүү мөөнөтүн эске алуу менен формалык кийиминин предметтери менен камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийимин тигүү жана сатып алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырсын.