Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Новопавловка айылдык кенешинин 2021-жылдын 19 августундагы № 6/31 токтомуна ылайык күчүн жоготту

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 24 – сессиясы

2019-жылдын 17- июлу № 24/92

“Акыйкат-Айым” фондунун Кайрылуусу жөнүндө

 

“Акыйкат-Айым” коомдук фондусунун төрайымы Д. Абдыкадырованын кайрылуусу боюнча 20.04.2018-ж. Новопавловка айыл өкмөтүнөн, айылдык депутаттардан жана “Акыйкат-Айым” фонду менен “Апрель Элим Кыргызстан” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда курамы 9 адамдан турган атайын комиссия түзгөн актынын негизинде КР Өкмөтүнүн №344 17.08.2007-ж. жерди трансформациялап бөлүштүрүү жөнүндөгү токтому, 17.05.2010-ж. Сокулук райондук сотунун жана 23.07.2013-ж. Чүй облустук райондор аралык сотунун чечимдери жана 2017-ж. 31-марттагы Новопавловка айылдык кеңешинин №5-сессиясынын чечимдери менен таанышып жана жер комиссиясынын төрагасы Н. Алыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Ак-Ордо” конушунун №481, №481-1 контурунун “Е”, “Ж” кварталындагы 147 бош, ээси жок пайдаланылбай жаткан жер тилкелери “Акыйкат-Айым” коомдук фондунун мүчөлөрүнө берилсин.

2.    Бул токтом аткаруу үчүн Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

А. Табалдиев