Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 26 – чакырылышынын № 6 – кезексиз сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 6/31
Новопавловка айылдык кеңешинин 17.07.2019-ж. №24/92 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешине “Ак-Ордо” конушунун “Е”, “Ж” кварталдарынын көптөгөн жашоочулары келип, арыз менен кайрылышкан. Кайрылууда Новопавловка айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган 2019-жылдын 17-июлундагы №24/92 токтомун жокко чыгаруу талабын коюшкан. Анткени, жогорудагы айылдык кеңештин токтому менен кайрылуучулардын менчик жер участкалары “Акыйкат-Айым” коомдук фондунун мүчөлөрүнө берилген. Кайрылуучулар азыркы убакта ал участоктордо көп жылдан бери үй салып, жашап жаткандыгын билдиришкен. Кайрылуу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынан жана айыл өкмөтүнүн жер адисинен турган комиссия тарабынан жеринен акт түзүлгөн.
Жогорудагы маселе боюнча айылдык кеңештин депутаты Т. Койбаков кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык келбегендигине байланыштуу, жокко чыгарылуусу керектигин айтып чыкты. Т. Койбаковдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, комиссия тарабынан түзүлгөн актыны эске алып жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна жана 36-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Новопавловка айылдык кеңешинин 2019-жылдын 17-июлундагы №24/92 токтому жокко чыгарылсын.
Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абышев |