ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 8/I-28
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин
этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 07.05.2002-жылдагы №108 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика боюнча аймактык комиссиялары жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссия түзүлсүн.
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын иш-планы бекитилсин (Тиркеме №2).
3. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын төрайымы- Итибаева Рыскан Бакайевна бекитилсин.
4. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын бир жылда бир өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун берип турсун.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |
Ысык-Ата айылдык Кенешинин
14.05.2021ж. №№8/I-28
токтомуна
№1 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссиянын курамы:
18. Р.Итибаева - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты,комиссиянын төрайымы;
19. Ж.Тентимишова - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
20. ________________ - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
Төрага Ж.Бейшекеев
Ысык-Ата айылдык Кенешинин
14.05.2021ж. №№8/I-28
токтомуна
№2 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын этикасы боюнча комиссиянын 2021-жылга иш-планы:
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу |
1 | Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына жана Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарына Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этикалык Кодекси жөнүндө окутуу өткөрүү | 2021-жылдын 2 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
2 | Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ардактуу эс алуудагы ардагер муниципалдык кызматчы менен айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларыларынын жолугушуусун өткөрүү | 2021-жылдын 2 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
3 | Коррупцияга каршы иш-аракеттер жана кызыкчылыктардын конфликтиси жөнүндө окуу өткөрүү | 2021-жылдын 3 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
4 | Этикалык жүрүм-турум жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2021-жылдын 4 кварталы | Комиссиянын төрайымы |
5 | Этикалык нормаларды бузуу учурларын кароо | жыл ичинде | Комиссиянын төрайымы |
Төрага Ж.Бейшекеев