Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2020-жылдын 30-декабры № 69

Жайыт жерлерди башка багытта пайдалангандыгы үчүн тарифин бекитүү жөнүндө

 

КРнын Жер кодексинин 18-беренесинин 7-бөлүмчөсүн, Жайыт мыйзамынын 10-беренесинин 5-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылсын.

2. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө төмөнкүдөй аныкталат:

- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - Мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык жакынкы жайыттар бир гектарына 1500 сом;

- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо  мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө бир гектарына 100 сом;

- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет  маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

 

Кенештин төрагасы:

 

А. Айдаров