Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Папан айылдык кеңешинин

2021-жылдын 30-ноябры № 1

токтому менен бекитилген

 

Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын

УСТАВЫ

Глава 1. Жаплы жоболор

Глава 2. Жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун принциптери

Глава 3. Жергиликтүү жамааттын мүчөсүнө кирүүнүн жана андан чыгуунун тартиби

Глава 4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

Глава 5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштары

Глава 6. Жергиликтүү жамааттын өз алдынча башкарууда катышуусу, ченем өкмөтүнүн чыгаруу демилгенси

Глава 7. Айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруу, айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн компетенциясы

Глава 8.  Айыл өкмөтүнүн функциялары

Глава 9. Айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн чечимдери

Глава 10. Айыл өкмөтүнүн айыл  кеңеши менен өз ара  аракеттенүүсү, жергиликтүү жамааттын алдындагы жоопкерчилиги

Глава 11. Айыл өкмөттүн финансылык-экономикалык негизери

Глава12. Корутунду жоболор

Глава 1. Жалпы жоболор

1. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатын  Уствы—тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилеринин тартибин аныктайт.

2. Ушул Устав Папан айыл өкмөтү колдонулат жана Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан менчигинин  түрүнө карабастан,  бардык  ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандык тарабынан аткарылууга милдеттү.

3. Папан айыл өкмөттүнүн жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзүшөт:

- Папан айылдык  кеңеши – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүчүлүктүү органы;

- Папан айыл өкмөтү- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы.

4. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, өз ишинде  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, жана ушул  Уставды жетекчиликке алат.

5. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары өз ишин аткаруу бийлигинин  органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тикелей жана ведомстволук органдары аркылуу эриш-аркак иш жүргүзөт.

6. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жак  статусуна  ээ, анын Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, штампы,  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин  Борбордук казыналык системасында  алыш-бериш жана башка эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары  болот.

7. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын юрдикалык  дареги: 723327, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин  Борбордук казыналык  системасында  алыш-бериш жана башка эсептери, өз алдынча балансы,  негизги  жана жүргүртүлүүчү каражаттары болот.

8. Папан айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун аткаруу органынын (Папан айыл өкмөтүнүн ) толук аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтү”;

- Расмий тилде: Папанский айыл окмоту Кара-Сууйского района Ошской области.

9. Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: “ Папан айыл өкмөтү”

- расмий тилде:  “Папанский айыл окмоту”

Глава 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери

10 Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерге негизделет:

1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органынын жергиликтүү жамааттын алдынча ачыктыгы жана жамааттын кызыкчылыктарында  жүзөгө ашырышы;

3) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда  корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

4) жарандарын  жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын тутуму курултайлары аркылуу, ошондой эле жарандардын  жыйындагы, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;

5) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;

6) тиешелүү маселердин чечүүдө  коллегиялуулук, эркин талкуулоо;

7) өзүнүн компетециясындагы  мамелерди  чечүүдө жергиликтүү кеңештердин  көз карандысыздыгы;

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларын момиторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;

9) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн- өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;

11. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүчүлүктүү органдары мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги  мамселерди чечүүдө  ашыруу үчүн шарттарды  түзүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен  өз ара тыгыз байланышта иштейт.

Глава 3. Жергиликтүү жамааттын мүчөсүнө кирүүнүн жана андан чыгуунун тартиби

12. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп, жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү  ыйгарым укуктуу  мамлекеттик органда  жашаган жери Папан өкмөтүнүн аймагында катталган, Кыргыз Республикасынын жараны  саналат.

13. Кыргыз Республикасынын жарандарынын  жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүКыргыз Республикасынын жарандарынын  жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн башка шарттарын, ушул Уствда жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган  негиздеринен сырткары белгилөөгө жол берилбейт

14. Папан айыл өкмөтүнүн жашоочулары жергиликтүү жамааттын  мүчөлүгүнөн төмөнкү учурларда чыгат:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондундо;

- анын өлгөндүгүн, дайынсыз жок болгондугун таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- каза болгондо

- труктуу жашоо үчүн Папан айыл өкмөтүнүн чегинен чыгып кеткенде.

Глава 4. Жергиликтүүжамааттын мүчөлөрүнүн укуктары  жана милдеттери

15. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу :

1) Жергиликтүү мааидеги маселерди чечүүгө катышууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына  шайланууга жана шайлоого;

3) Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарында өз ишин кесиптик негизде (муниципалдык кызматтар) же коомдук башталыштарда жүзөгө ашырууга;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте Папан айылдык кеңештин токтомдорунун  кароосуна киргизүү үчүн жана аларды Папан айылдык кеңештин кароосуна  киргизүү үчүн демилгелүү топторду уюштурууга;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү  органдарына жергиликтүү жамааттын жашоо-тирикчилик меселери боюнча сунуштарды киргизүү;

6) жергиликтүү маанидеги маселерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында, курултайларында) кароого, аларды чечүү боюнча  сунуштарды берүүгө;

7) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн курултайларына, чогулуштарына  жана коомдук угууларына катышууга, аларда өз ой-пикирин эркин билдирүүгө  жана мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;

8) жамааттын мүчөлөрүнүн жашоо шартын  жакшыртуу максатында, кайрымдуулук жана  коомдук-пайдалуу иш-чараларга  (кайрымдуулук акциялар, марафондор, ашарлар, ишембиликтер ж.б.) катышууга;

9) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары тарабынан тийиштүү чечимдери кабыл алуу менен , милдетүү  каралууга тийиштүү, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышууга;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка укуктарды пайдаланууга.

16. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Папан айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн, аксакалдар сотторунун, алардын ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган чечимдерин аткарууга;

2) улууларды урматтоого, кичүүлөрдү камкордукка алууга жана кам көрүүгө;

3) тынчтыкты жана адилеттүүлүктү орнотууда аксакалдар сотторуна, коомдук тартипти коргоочу кошуундарга көмөк көрсөтүүгө;

4) улут аралык ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, өз ара түшүнүшүүгө, сыйлашууга жетүүгө өбөлгө берүүгө;

5) муниципалдык менчиктердин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө колдон келишинче салым кошууга, аны абайлап колдонууга жана сактоого;

6) Папан айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, үй аймагына жанаша жайгашкан турак жайларды жана жалпы пайдалануудагы жерлерди колдонууга, күтүү эрежелерин, санитардык ченемдерин сактоого;

7) жалпы пайдалануудагы жерлерди жана аларга тиешелүү аймакты жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө катышууга;

8) куруу, өрт коопсуздук эрежелерин сактоого

9) айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, жерди сууну жана башка табигый ресурстарды, жылуулук, электр жана энергиянын башка түрлөрүн, сарамжалдуу колдонууга

10) тарыхый жана маданий эстеликтердин жана башка көрүнүктүү маданий жерлерди коргоого көмөк көрсөтүүгө;

11) жергиликтүү салыктарды жана жыйымдары өз убагында төлөөгө;

12) жергиликтүү  жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин сыйлоого.

Глава 5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштары

17. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирин эске алуу максатында жергиликтүү жамааттын чогулуштары бир көчөнүн, айылдын аймагында, ала боюнча сунуштоолорду кабыл алуу менен өткөрөт.

18. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүрүн чогулуштарында төмөнкү маселелер каралат жана талкууланат:

1) аймактын жашоо тиричилиги боюнча маселер;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарынын маалыматтары;

3) айыл башчыларын шайлоо;

19. Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана чечимдерин аныктоо ушул Устав тарабынан белгиленген тартипте ачык жана айкын жүргүзөт.

20. Жергиликтүүжамааттын мүчөлөрүнүн чогулушу тиешелүү көчөнүн, айылдын аймагында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн  чогулушту өткөрүүгө чейин 3 күн мурун алдын ала кабарлоо менен демилгечилер тарабынан чакырылат.

21. Чогулуштун демилгечилеринин чечими боюнча Папан айылдык кеңешке, Папан айыл өкмөтүнө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушун маселени көрсөтүү менен өткөрүү жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.

22. Чогулуштун күн тарбинде  жергиликтүү жамааттын чогулушу чакырылуучу маселелер  киргизилет.

23. Чогулушту өткөрүү үчүн  төрага жана катчы, зарыл  учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы катышуучулар тарабынан шайланат.Катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добушу менен күн тартиби  бекитилет.

24. Иш процессинде төрагалык кылган адам иш-чараны алып барат жана көн тартибиндеги маселелерди талкулоо тартибинде  көзөмөл жүргүзөт.

25. Сөзгө чыгуу бардык  каалоочу катышуучуларга өтүнмөлөрдүн  түшүүсү же кол көтөрүү иретинде берилет.

26. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маслеге жараша аныкталат Төрагалык кылган адам тыныгуу тууралуу чечим  кабыл ала алат.

27. Чогулуштун катчысы иш-чаранын  өтүп  жаткан датасы,  орду, катышып жаткан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн тизмеси жана маалыматтары, чакырылгандардын жалпы  саны , күн тартиби, чыгып  сүйлөггөндөрдүн мазмуну, чыгып сүйлөгөндөр  жөнүндө маалыматтар  ошондой эңле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечимдер жана сунуштоолор  көрсөтүүлгөн  протоколду жүргүзөт . Протоколго чогулуштун төрагасы  жана катчысы кол коёт.Чогулуштун чечимдери жана  же сунуштоолору келип катышкандардын ачык добуш берүүсү аркылуу көпчүлүктүн добушу менен  кабыл алат.

28. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте талкулоонун жрүрүшүндө  айтылган ар бир маселе боюнча иш-чаралардын катышуучуларынын көз карашы  жана пикири чагылдырылат.

29. Чогулуштун жыйынтыктары боюнча  жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун аткаруу  жана өкүлчүлүктүү органына  чогулуштун протоколун  көчүрмөсү тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органы , жарандардын кайрылуу  чөйрөсүндөгү Кырыгз Республикасынын мыйзамдар  тарабынан  белгиленген тартипте  чогулуштун чечимдерин  жана сунуштоолорун аткаруу  боюнча кабыл алныган же кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берет.

30. Эгер тийиштүү аймактын үйлөрүнүн  өкүлдөрү(көчөлөрдүн, айылдын жашоочулары ) жалпы саны  30%дан кем эмес  катышса ,чогулуш укук ченемдүү болот.

31. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушу жазуу түрүндө жол-жоболоштурулган  сурамжылоо (кол тамгаларды чогултуу) формасында өтүшү мүмкүн.

Глава 6. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүүү өз алдынча башкарууга катышуусу, ченем чыгаруу демилгеси

32. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү  жана тикелей катышуу формаларында жүзөгө  ашырылат.

33. Жергиликтүү жарандар  жынысына, пассасына,  этнотук тиешелүүгүнө, тилине, мүлктүк жана кызматтык абалына , динге мамилесине, ынанымдарына , коомудк бирикмелерге тиешелүүлүгүнө карабастан, түздөн-түз  жана  өз өкүлдөрү  аркылуу дагы жергиликтүү  өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей  укуктарга ээ.

34. Жарандар жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарына шайлоого жана шайланууга, алардын кызмат адамдарына  кайрылууга , ошондой эле  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  Папан айыл өкмөтүнүн  аткаруучу жана  өкүлчүлүктүүү органдарынын  иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

35. Жергиликтүү жамааттын  жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада  жүзөгө ашырылат

1) коомдук жана  мамлекетик турмуштун бардык  маанилүү маселелерди  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн  чогулуштарында  (жыйындарында, курултайларында) талкулоо;

2) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;

3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө манилүү маслелер  боюнча  тикелей  добуш  берүүгө катышуу.

37. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ченем чыгаруу демилгесин  көтөрүү  укугуна  ээ.Ченем чыгаруу демилгеси жергиликтүү жамааттын алты жүз кем эмес  мүчөлөрүнүн демилгеси менен ишке ашырылат.

38. Жергиликтүү ченем  чыгаруу демилгеси тартибинде жергиликтүү  кеңешке  киргизилген жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечилеринин жана тиешелүү жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен каралууга тийиш.

Глава 7. Папан айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруу,айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн компетенциясы

39. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кырыгз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларнын . ушул Уставдын негизинде , жергиликтүү жамааттык  атынан  өз ишин жүргүзөт.

40. Папан айыл өкмөтүнүн штаттык сан-эсеби жана түзү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарабынан  аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

41. “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын мыйзамына  ылайык Папан айылдык кеңешинин  компентациясы төмөнкүлөр кирет:

1) жергиликтүү маселелерди  башкаруунун  тартибин  белгилөө;

2) жергиликтүү бюжетти жана анын аткарылышы  жөнүндө отчеттун бекитүү, ошондой эле  бюжеттин аткарылышынын  жүрүшүү  жана бюжеттен тышкары фонддордун пайданаланышы жөнүндө маалыматты угуу.

3) аймактык социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программалдарны бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;

4) жергиликтүүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле  Кырыгз Республикасынын мыйзамдарында каралган  учурларда алар  боюнча  ставкаларды аныктоо.

5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык  менчигин  пайдалануунун  жана ага ээлик кылуунун тартибин  аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктен обьектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу  менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органын башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө  отчетун угуу;

7) мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтотуу.

8) жергиликтүү  жамааттын уставын бекитүү.

9) тиешелүү мамлекеттик бийлик  органдарына киргизүү максатында  администрациялык-аймактык  түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

10) кеңештин төрагасын, анын  орун басарын шайлоо ,аларды кызмат орундарынан бошотуу, кенештин төрагасынын Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы  келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

11) кеңеештин регламентин кабыл алуу;

12) өз чечимдерин аткарылышына контролдук кылуу;

13) суу менен камсыз кылууну пайдалангандык,ошондой эле  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу  тиричилик  таштандыларын жыйнагандык , ташып чыгаргандык жана жол кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

14)алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын  сатуунун, ырым-жырымдарды өкөрүүгө  тыюу салганга чейинки  чектөөлөрүн аныктоо;

15) ирригациялык тамактарды, үйдөгү  жана үй жанындагы учаскаларды  күтүүнүн тартибин аныктоо;

42.Папан айылдык кеңешинин  кошумча ыйгарым укуктары :

1) айыл өкмөтүн шайлоо;

2) “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын белгилен тартипте  айыл  өкмөтүнүн  башчысына ишенбестик  билдирүү;

3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл өкмөтү үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;

4)  айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;

5)  талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу жайыттар боюнча башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү;

17) Кыргыз Республикасынын мыййзамдарына жана жергиликтүү жамааттын уставына ылайык башка маселелерди чечүү;

43. Папан айыл өкмөтүнүн компетенциясы:

1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  программаларынын дорлбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;

2) аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө жергиликтүү жамаатка жыл сайын ачык маалымат берет, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же)  жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (досмкаларга, стенддерге) жайгаштырат;

3) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат,  ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;

4) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

5) жаны жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

6) ишаканларды менчиктештирүүгө жана айыл  өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат

7)  турак жай фондун,  турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;

8) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунан жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

9) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат , архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

10) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдарындын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;

11) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзөт;

12) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тутумун иштеп чыгат жана ишке ашырат;

13)  өз компетенциясынын чегинде токтомдорду жана тескемелерди чыгарат;

14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.

Глава 8. Айыл өкмөтүнүн функциялары

44. Папан айыл өкмөтү төмөндөгү функцияларды аткарат:

1) тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу, ишке ашырууну камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

2) жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча иштерди уюштуруу;

3) муниципалык менчикти эффективдүү башкаруу;

4) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

5) бюджеттен тышкаркы фондуларды түзүү жана аларды эффективдүү пайдалануу;

6) калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, анын жол жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;

7) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;

8) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

9) оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл учурларда айылдардын калкын ашарга чакыруу, демөөрчүлөрдү, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эмгектик, финансылык, техникалык жана башка ресурстарын, ошондой эле тартуу;

10) аймактын санитардык абалына контролдук кылуу жана аны тазалоо, ыңгайлаштыруу жана жашылдандырууу боюнча иш-чараларды уюштуруу;

11) мектептен билим алууга жана медициналык жактан тейлөөгө жарандардын укуктарын камсыз кылуу;

12) турак-жай фондусун түзүү;

13) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

14) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым  кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;

15) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;

16) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;

17) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;

18) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;

19) жергиликтүү маанидеги тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдаланууну камсыз кылуу;

20) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

21) айыл жергесине жарактуу жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга контролдук кылуу;

22) сарамжалсыз жана мыйзамсыз пайдаланылган жерлерди алып коюу жөнүндө тиешелүү органдаргасунуш киргизүү;

23) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан жер участкасын ижарага алууга конкурстарды (аукцион) өткөрүү;

24) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

25) дыйкан жана жеке көмөкчү чарбаларды техника, азыктулуугу  жогору жана асыл тукум мал, үрөн, көчөт менен камсыз кылууга көмөктөшүү, аларга айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, сактоодо жана сатып өткөрүдө жардам көрсөтүү;

26) ветеринардык иш-чараларды өз учурунда өткөрүүгө көзөмөл кылуу, ветеринардык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көмөк көрсөтүү;

27) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана айыптары жыйноо;

28) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;

29) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү,  коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу коомдук түзүлүштөрдү жанан аксакалдар сотун уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

30) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

31) бош  убакытты   өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

32)  балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;

33) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

34) калктын эс алуусун уюштуруу,  маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өнүктүрүү;

35) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте нотариалдык каракеттерди жасоо;

36) калкты социалдык коргоонун  аймактык программасын иштеп чыгуу;

37) үй-бүлөнүн социалдык паспортун түзүү жана анын негизинде жакырчылык картасын түзүү;

38) гуманитардык жардамга муктаж жакыр калктын тизмесин даярдоо, анын даректүү жеткирилишин камсыз кылуу;

39) жарандардын  үй-бүлөөлүк жана башка абалын күбөлөндүрүүчү справкаларды, ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоого, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү;

40) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

41) кыргыз Республиекасынын жер казынасын пайфдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кең байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктардыф жүзөгө ашыруу;

42) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү;

45. Папан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, чененмдик укуктук актыларда, ошондой эле белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жана функцияларды ишке ашырат.

Глава 9. Айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн ченемдери

46. Папан айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, өз ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат;

47. Папан айылдык кеңешинин карамагына итаандык  маселелер боюнча анын ченемдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды  кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

48. Папан айылдык кеңешинин чечимдери токтом жана тескеме түрүндө  чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы тарабынан, ал эми ал жок болгон учурда- айылдык кеңештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.

49. Папан айылдык кеңешинин токтому- ченемдик укуктук актыларды  негизинде жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.

50. Папан айылдык кеңешинин токтому “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын мыйзамында  белгиленген тартипте күчүнө кирет .

51. Папап айылдык кеңешинин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган ченемдери тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары,  ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.

52. Папан айылдык кеңешинин чечимдери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга белгиленген тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

53. Айыл  өкмөтүнүн  компетенциясына таандык маселелер боюнча анын чечимдери токтом жана буйрук түрүндө кабыл алынат, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

54. Айыл өкмөтүнүн токтому- айыл өкмөтүнүн компетенциясына  таандык маселелер боюнча ченемдик  укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн  башчысы тарабынан  кабыл алынган жана айыл өкмөтүнүн милдетүү юрдикалык күчкө ээ болгон акт.

55. Айыл өкмөтүнүн  буйругу- айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан ыйгарым укуктарынын чектеринде ыкчам , уюштуруу жана кадр маселелери  боюнча кабыл алынган уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.

56. Айыл  өкмөтүнүн башчысы кол койгон  актылар  айыл өкмөтүнүн  башчысы тарабынан  жокко  чыгарлышы , же  болбосо  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарынын ишин  жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген  тартипте жараксыз  деп табылышы мүмкүн .

57. Папан айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү кабыл алган чечимдеринин  мыйзамдуулугу боюнча жоопкерчилик тартышат.

Глава 10. Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруунун аткаруу жана

өкүлчүлүктүү органынын  жергиликтүү жамаатынын алдындагы жоопкерчилиги

58. Папан айылдык кеңеши  жана айыл өкмөтү өз ара  мамилелери  “Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына  жана ушул Уставка  ылайык жүргүзүлүлөт.

59. Папан айыл өкмөтү жергиликтүү бюжеттин  түзүүдө жана аткарууда  ачык-айкындыкты, коомчулуктун катышуусу камсыз кылат.

60. Папан айыл өкмөтүнүн айылдык  кеңеши  жана айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын алдында  өз  ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

Глава 10. Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери

61. Папан айыл өмөтүнүн финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары  менен жергиликтүү бюжеттерге  бекитилген кирешелердин  салыктык жана  салыктык эмес булактарды, муниципалдык  менчикти пйдалануудан түшкөн кирешелер , ссудалар жана башка  фигнансылык ресурстар  түзөт.

62. Папан айыл өкмөтүнүн экономикалык  негизин  кыймылсыз жана кыймылдуу  муниципалдык  мүлк . баалуу кагаздар,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте  жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун карамагына өткөрүп  берилген жана  жергиликтүү  жамааттын кызыкчылыктарын  жана муктаждыктарын канаттандыруу үчүн алардын аймагын чек аралардын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдалануучу жерлер, жарандык укуктук  башка обьектилери, ошондой эле тиешелүү аймакта  ишти жүзөөгө ашыруучу ишканалар,уюмдар жана мекемелер түзөт.

63. Папан айыл өкмөтүнүн бюжетинин кирешелер  бөлүмү төмөнкүлөрдөн турат:

1) Республикасынын бюджеттен дотациялар;

2) кредит  ресурстарын, гранттар;

3) жергиликтүү салыктар жана башка төлөмдөр;

4) жаратылыш  ресурстарын пайдалануучулардан түшкөн ижара ж.б. акылар;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  тыю салыбаган булактардын

64. Жергиликтүү маантдеги маселерди  чечүү үчүн жергиликтүү жамааттын демилгеси менен, ыктыярдуу жана кайрымдуулук төгүмдөрдүн негизинде  атайын түзүлүшү мүмкүн.

Глава 12. Корутунду жоболор

65. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын Уставына өзгөртүүдөрдү киргизүү “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актылар жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык  жүргүзүлөт.

66. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ишмердүүлүгүн текшерүү  “ Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдарынын ишин текшерүүлөрдү  жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында  каралган тартипттерге ылайык  жүргүзүлөт.

67. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ишинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда “ Кыргыз Республикасынын  Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.