Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы

2021-жылдын 16 - ноябры № 20

“Үч-Терек инженердик техникалары“ муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII–сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Үч-Терек инженердик техникалары “ муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизилсин. (Уставдын оңдолгон долбоору тиркелет).

 

2. УИТ ишканасынын мындан аркы иштери мыйзам чегинде, уставдын негизинде жургүзүлүүсү айыл өкмөтү менен УИТ ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

3. УИТ ишканасынын техникаларын жана башка менчигиндеги тетиктерин инвентаризациядан өткөрүү жагы УИТ ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

4. УИТ ишканасынын ишин жакшыртуу боюнча атайын иш чараларды иштеп чыгуу жана резервдик фондду түзүү боюнча иш жүргүзүү, айыл өкмөт башчысы жана УИТ ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

5. УИТ ишканасын гараждык системага алты айлык мөөнөттө өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы менен УИТ ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

 

8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

Үч-Терек айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Дөөлөткелдиев