| «БЕКИТЕМИН» 16- ноябрь 2021-жыл Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: ____________________А.Дөөлөткелдиев
Үч-Терек айыл аймагынын Айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясынын 2021-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган №20 Токтомунун негизинде |
«Үч-Терек инженердик техникалары» Муниципалдык
ишкананын УСТАВЫ
УСТАВ.
Үч-Терек айыл аймагынын муниципалдык ишканасы
«Үч-Терек инженердик техникалары»
1. Жалпы жобо
1.1 Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана 2002-жылдын 15-мартында №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана 15-июль 2011-жылдын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырылат.
1.2 Үч-Терек айыл аймагынын муниципалдык ишканасы «Үч-Терек инженердик техникалары» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин указы жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын жана ушул Уставдын негизинде ишке ашырат.
1.3 Ишкананын негизги документи болуп ушул Устав эсептелинет.
1.4 Ишкананын өкүлү болуп: Үч-Терек айыл өкмөтү саналат.
1.5 Толук ишкананын аталышы: «Үч-Терек инженердик техникалары»
1.6 Ишкананын кыскача аталышы: «ҮИТ»
1.7 Ишкана юридикалык жак жана муниципалдык ишкана болуп саналат жана мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын банктарынан эсептик жана башка счетторду,ошондой эле валюталык ачканга укуктуу.
Ишкана коммерциялык (муниципалдык)мекеме болуп эсептелинет.
Ишкананын инн печаты,аты жөнү менен кыргыз жана орус тилинде, ошондой эле штамп,бланкасы жана башка атрибуттары болот.
1.8 Чарбалык субъект катары өз алдынча ишкана болуп саналат дагы, коммуналдык ишкананын укуктук формасынын негизинде түзүлгөн.
Ишкананын баардык аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Уставдын негизинде ишке ашырылат.
1.9 Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде бүтүмдөрдү,келишимдерди ар тарап менен түзгөнгө укуктуу, чарба жүргүзүүсүндө өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттемелерге ээ боло алат жана ишке ашыра алат,сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алат.
1.10 Дареги: Кыргыз Республикасынын,Жалал-Абад областынын,Токтогул районунун,Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылындагы Ш.Мейманкулов көчөсү №1
1.11 Чарбалык башкаруунун негизинде түзүлгөн ишкана юридикалык жак жана муниципалдык ишкана болуп саналат, качан Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин.
1.12 Ишкана өзүнө өкүлчүлүк же филиалдарды ачууга укуктуу.
Өкүлчүлүктөрү жана филиалдары юридикалык жак болуп саналбайт.
Ишкана тарабынан бөлүнгөн мүлктү пайдалана алат жана ишкана тарабынан бекитилген жоболордун негизинде ишин жүргүзүшөт.
1.13 Кээ бир маселелер,эгерде ушул Уставдын негизинде чечилбесе,Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш жүзүнө ашырылат.
1.14 Эгерде ушул Устав Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына карама –каршы келе турган болсо ченемдик укук актыларын колдонот.
2. Ишкананын ишмердүүлүгү жана максаты
2.1 Ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну көздөп жана элди техникалар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу,ошондой эле айыл аймактын жалпы ички жолдорун оңдоо,элге кызмат кылуу жана коммерциялык иш чараларды жүргүзүү,эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе.
2.2 Ишкананын иш алып баруусунун түрлөрү:
Айыл аймагынын айланасын санитардык жактан техникалар менен камсыз кылуу;
Таштандылардан арылтуу үчүн яма казуу жана башка сооружениялардын авариялык иштерин калыбына келтирүү түрлөрү;
Сапаттуу иш алып барууда техникалар менен элдин курулуш материалдары(кум ,шагыл,таш,топурак)ж.б менен камсыз кылуу;
Айыл үчүн техникалык сервис ачуу жана аны өркүндөтүү;
Мыйзам чегинде жана башка коммуналдык кызматтарды аткаруу;
Арыктарды оңдоо , казуу, куруу;
Жашоочуларды таза суу жана сугат суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
Ички жолдорду ондоо ,түздөө;
Коңшу айыл өкмөттөргө коммерциялык жардам көрсөтүү;
Ишкана өзүн андан ары өнүктүрүү максаттарында кредит алуу жолу менен өзүн кошумча техникалар менен камсыз кыла алат.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
3.1 Ишкана өзүнүн максатын аткаруу үчүн,муниципалдык менчиктин алдында иш алып барат жана төмөндөгүлөргө укуктуу:
1. Ишкананын техникаларын токтотуучу ,тетиктерин сактоочу жайлары, кампалары болуусу милдеттүү шарт болуп эсептелет;
2. Ишкананын өзүнүн резервдик фондунда бир жылдык тапкан кирешесинен кем эмес акча каражаты болуусу милдеттүү;
3. Ишкананын фондунда жетиштүү акча каражаты болмоюнча айыл ичиндеги же акысыз иштерди жасатууга жетекчилик (Айыл өкмөтү менен директор) укуксуз;
4. Юридикалык жана жеке ишмерлерден накталай эмес эсепти өндүрүү;
5. Өз алдынча юридикалык жана жеке ишкерлер менен келишим тузүүгө укуктуу;
6. Жумушчулардын сапаттуулугун жогорулатуу менен биргеликте жумушка кызыкчылыктарды жаратуу максатында командировкага, семинарларга, тренингдерге, көргөзмөлөргө жиберүү;
7. Ишкана өз мүмкүнчүлүгү менен жардамга муктаж жарандарга айылдык кеңештин көрсөтмөсү менен жардам көрсөтө алат;
8. Ошондой эле ишкана өкүлчүлүгүн жана филиалдарды башка дагы аймактарга ачканга укуктуу жана ушул Уставдын негизинде иш алып барат;
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Үч-Терек айыл өкмөтүнүн макулдугу менен ишканага бөлүнгөн мүлктөрдү, транспортторду, инвентарларды жана жабдыктарды юридикалык мекемелерге же жеке ишкерлерге алмаштырууга же ижарага берүүгө укуктуу;
10. Элдерге, мекемелерге акы төлөнө турган кызматтарды көрсөтүү;
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде жана ушул Уставдан тышкары Үч-Терек айыл өкмөтүнүн макулдугу менен башка дагы кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу;
3.2 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эмгек кодексине ылайык ишкананын жумушчуларына төмөнкү көрсөткүчтөн, медициналык, социалдык жана пенсиялык камсыздоодон,социалдык коргоодон төмөн эмес туруктуу эмгек акы белгиленет.
Жумушчуларга коопсуздук шарттарды түзүп берүү менен биргеликте жетекчилик директор жумушчулардын ден-соолугуна жана ишмердүүлүгүнө зыян келтирилген учурларда жоопкерчилик тартууга милдеттүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жумушчулар менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барышат;
Ишкана жумушчуларына социалдык жана медициналык жактан камсыз кылууга милдеттүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде салыктарды төлөп туруу жана ошондой эле отчетторду тийиштүү органдарга өз убагынан кечиктирбестен тапшыруу;
Ишкананын ишинин начарланышына байланыштуу жана техникаларынын коопсуздугу менен сакталышына Айыл өкмөтү менен директор мыйзам алдында бирдей жоопкерчилик тартат;
Ишканадагы тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо милдети айыл өкмөтү менен директорго бирдей жүктөлөт;
4. Ишкананы башкаруу.
4.1 Ишкананы башкаруу органы болуп Үч-Терек айыл өкмөтү эсептелет. Ишкананы башкаруу катары баардык суроолорду, ишкананын Уставына өзгөртүү жана толуктоолорду,ошондой эле кайра юридикалык жак катары уюштуруу же болбосо жоюу болуп саналат.
4.2 Директор – ишкананын жетекчиси катары ишкананын ишин жөнгө салат.
4.3 Ишкананын директору муниципалдык кызматкер болуп таанылат;
4.4 Ишкананын директору Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2 жылдык мөөнөткө келишимдин (контракт)негизинде дайындалат.
4.5 Ишкананын директору дайындалгандан кийин ишкананын атынан келишимдерди ишеним каты жок эле жөнгө салат.(ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгүн жана мүлктүн,финансылык башкаруудагы баардык жоопкерчиликти директор алат жана ички процедуранын аткарылышын камсыз кылат).
Ишкана жетекчиси мекеменин атынан иш жургүзүп,мыйзам чегинде жана келишимге ылайык мекеменин мүлкүн пайдаланып банктан эсеп ачканга жана кредиттерди алганга укугу бар.
Ишкананын жумушчуларына өзүнүн укук ченеминде буйрук чыгарып, жумушка кабыл алып жана жумуштан бошотконго укуктуу.
4.6 Мыйзамда каралбаган жооптуу кызматтарды ишкананын директору кызмат ордуна дайындайт жана ошондой эле кызматтан бошотот.
4.7 Ишкананын сапаттык курамы жана түзүмү директор тарабынан аныкталып ,Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан макулдашылып бекитилет.
4.8 Мыйзам чегинде директор тарабынан кошумча жумушчу күчтөр кабыл алынат,айлык акысы,иштөө мөөнөтү,эс алуу убактысы жана башка ушул сыяктуу суроолорду директор буйруктун негизинде чечет.
5. Эсеп – кысап.
5.1 Үч-Терек айыл өкмөт тарабынан сунуш кылынган жана Үч-Терек айылдык кеңеши тарабынан бекитилген иш планынын негизинде ишкана өзүнүн ишин алып барат.Эгерде иш план белгилүү себептерден улам бекитилбей калса ишкана өз иш планын түзүп ишке ашырууга укуктуу.
5.2 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкана өзүнүн бухгалтериялык жана статистикалык отчетторун жүргүзөт жана тапшырат.
5.3 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тийиштүү органдар ишкананын ишин, отчетторун жана кызматтык сапатын текшерүүгө укуктуу.
5.4 « Үч-Терек инженердик техникалары» муниципалдык ишканасынын техникаларына болгон төлөм жана ишкананын жумушчуларынын айлык акылары Үч-Терек айылдык кеңеши тарабынан аныкталат.
6. Ишкананын мүлкү финансысы.
6.1 Ишканага бектилип берилген базаларды жана мүлктөрдү иштин кызыкчылыгы үчүн колдонууга укуктуу.
6.2 Ишкананын мүлкү жана имараты Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан аныкталат.
6.3 Ишкананын финансылык ишин жүргүзүү булактары болуп айылдык бюджеттен жана ишканага түшкөн кирешелерден,ошондой эле акы төлөнө турган кызматтардан түшкөн кирешелер болуп саналат.
6.4 Бюджети Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан сунушталып Үч-Терек айылдык кеңеши тарабынан бекитилет жана бекитилген бюджет боюнча Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан элдерге маалымат берилет.
6.5 Ишканага түшкөн кирешелери Үч-Терек айыл өкмөтүнүн макулдугу менен ишкананын кызыкчылыгы үчүн жумшалат жана жыл сайын ишкана жетекчиси Үч-Терек айылдык кеңешине отчет берип турат.
7. Уставка өзгөртүү жана кошумча киргизүү.
7.1 Уставка Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ишкананын сунушу боюнча айылдык кеңештин макулдугу менен гана өзгөртүүлөр жана кошумчалар, толуктоолор киргизилет.
8. Ишкананы юридикалык жак катары кайра түзүү же жоюу.
8.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда Үч-Терек айылдык кеңештин макулдугу менен айыл өкмөт же сот аркылуу гана ишкананын ишин токтотуп юридикалык жак катары кайра түзүү же жоюуга мүмкүн.
8.2 Ишкана жоюлган учурларда же башка юридикалык жак катары түзүлгөн учурларда жумушчулардын таратылышында компенсация төлөнүп же башка дагы шарттарды түзүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде каралууга тийиш.
8.3 Мамлекеттик юстициядан каттоодон жоюлду же кайра башка юридикалык жак катары түзүлдү деген күндөн баштап ишкананын иш алып баруусу токтотулат.
«Үч-Терек инженердик техникалары» муниципалдык ишканасынын директору: |
М.Насирдинов. |
«_____»___________________2021-жыл.