Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 29-марты № 141
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу процессин координациялоочу мамлекеттик органдарга негизги индикаторлорго жетишүү жоопкерчилиги жүктөлсүн.
3. Негизги индикаторлорду жана милдеттерди ишке ашыруу процессин координациялоочу мамлекеттик органдарга төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктар берилсин:
- негизги индикаторлорго жетишүүнүн деталдуу планын иштеп чыгуу жана аткаруу процессин координациялоо;
- негизги индикаторлорго жетишүүгө катышкан мамлекеттик органдар үчүн көмөкчү көрсөткүчтөрдү белгилөө;
- негизги индикаторлорго жетишүүгө катышкан мамлекеттик органдар үчүн макулдашуу жол-жоболорун өткөрүү;
- негизги индикаторлорго жетишүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.