Редакцияот 08.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

2021-жылдын 8-сентябры № 04

“Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартибинин Жобосун бекитүү жөнүндө

Бостери айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын 12.12.2015-жылдагы токтому менен бекитилген Бостери айыл аймагындагы “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосун карап чыгып, Бостери айылдык кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IVсессиясы токтом кылат:

 

1. Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартиби тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме №1)

2. Бостери айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын 12.12.2015-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын токтому менен бекитилген Бостери айыл аймагындагы “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосуна өзгөртүү киргизилсин.

3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук бузуучулар менен күрөшүү, мыйзамдуулукту сактоо, коомдук уюмдар менен байланыш, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Усубалиев