| ТИРКЕМЕ №1
Бостери айылдык кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 08.09.2021-ж № 04 токтому менен бекитилди |
Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө
Жобо
1. Жалпы бөлүм
1. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу Бостери айыл аймагына өзгөчө салым кошкон, Бостери айыл аймагынынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, эл аралык маданият, илимий-техикалык байланышына, жарандардын тынч жана ынтымакта жашоосун бекемдөөдө өзүн көрсөтө алган белгилүү инсандарга берүү максатында түзүлдү.
2. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын Бостери айыл аймагында жогорку сыйлык болуп эсептелет жана Бостери айыл өкмөтүнүн сунушу аркылуу Бостери айылдык кеңешинин токтому менен ыйгарылат.
2. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу комиссиясын түзүү жана ыйгарым укугун бекитүү тартиби
1. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгарууга топтолгон документтер комиссия тарабынын каралат. Комиссиянын тутуму Бостери айылдык кеңешинин төрагасы менен макулдашылат жана Бостери айыл өкмөтүнүн чечими менен бекитилет. Комиссиянын тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылык болгондо гана жүргүзүлөт.
2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдору, Бостери айылдык кенешинин токтомдору жана ушул жобого таянат.
3. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун негиздери жана тартиби
1. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамына Кыргыз Республикасынын жарандары, Бостери айыл аймагынын жана Кыргызстандын элинин алдында көрсөткөн өзгөчө салымы үчүн сунушталат. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” персоналдуу жана өмүрүнүн акырына чейин ыйгарылат. Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы кылмыш жоопкерчилигине тартылган, соттолгон, психикалык жактан ооруган жана башта ушул сыйлыгы бар жарандарга ыйгарылбайт.
2.Бостери айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- Райондук түзүмдөрдө, мекеме-ишканаларда жана Бостери айыл аймагында 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгегинин натыйжасында айыл аймакта узак убакыттан бери эмгектенген, эл арасында кадыр баркка ээ болгон жарандар жана ошондой эле Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчысы, айылдык кеңештин төрагасы, райондук, айылдык кеңештердин 2 жолку чакырылышынын депутаты болуп шайлангандар;
- Бостери айыл аймагынын жана Ысык-Көл районунун бакубат жашоосу үчүн эрдик көрсөткөндөр;
- Бостери айыл аймагынын жана Ысык-Көл районунун тургундарынын арасында Бостери айыл аймагынын социалдык-экономикасына өзгөчө салымы үчүн кадыр –баркы, бедели барлар;
- Бостери айыл аймагынын жана Ысык- Көл районунун тарыхый өнүгүүсүнө өзүнүн ишмердүүлүгү менен салым кошкондор;
“Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Бостери айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууну сунуштоого укугу барлар;
1 Бостери айылдык кеңеши
2. Бостери айыл өкмөтү
3. Коомдук уюмдар
4. Эмгек жамааттары
5. Аймактык коомдук бирикмелер
4.Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу үчүн сунушталган документтердин тизмеги комиссияга тапшырылат.
”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
- талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу;
- чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
- коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
- өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин жана паспортунун көчүрмөсү;
- мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
- эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
- өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айыл аймакка сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
- өздүк баракчасы сүрөтү менен;
- өмүр баяны
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- паспортунун көчүрмөсү.
5. Күбөлүктөрдү, лента жана төш белгилерди даярдоого кеткен каражат Бостери айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнөт жана аларды сактоо милдети Бостери айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт. Сунушталган документтер жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата наамды ыйгаруу комиссиясына үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен тапшырылышы керек.
6. Комиссиянын отуруму документтер кабыл алынышына жараша өтөт жана протокол менен таризделет.
7. Комиссия документтерди карап чыгып, андан кийин тийиштүү чечим кабыл алат. Комиссиянын отурумунда Бостери айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу чечими кабыл алынат же болбосо негиздүү жүйөлөр менен чечим кабыл алуудан баш тартат. Кабыл алынган чечим тууралуу сунуштаган субъекти боюнча кенештин сессиясына маалымдайт.
8.Бостери айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамдарга күбөлүк, лентасы, төш белги жана бир жолку 3000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Эгемендүулүк күнүнө карата Бостери айылдык кеңешинин төрагасы же Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан тапшырылат.
9. Эгерде аталган наамга ээ болгон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылса, комиссия ал адамды “Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу чечимин чыгарууга укуктуу.
5. Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуулунун» укуктары жана милдеттери
1. Ушул наамга ээ болгон адамдар төмөнкү өзгөчүлүктөргө укуктуу:
- Бостери айыл өкмөтү жана Бостери айылдык кеңеши тарабынан уюштурулган салтанаттарга чакырылууга;
- Бостери айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик жана башка уюмдарга тоскоолсуз барууга жана алардын жетекчилеринин же болбосо кызматчыларынын кабыл алуусунда болууга. Аларга ар кандай талап менен кайрылууга;
- «Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон жаран коммуналдык кызматтарга акы төлөөдөн бошотулат.
2.«Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон жаран төмөнкүлөргө милдеттүү:
- коомдо үлгүлүү болууга, гумандуулукту, чыдамкайлыкты, кең пейилдикти жаратууга;
- жаш муундарды тарбиялоого иштерине катышууга жана аларга жеке үлгү болууга, ата-бабалардын салтына бекем экендигин аныктоого;
- жеке эмгеги жана жүрүш-турушу менен коомдо тынчтыкты жана бейкутчулукту жолдоого милдеттүү.
6. Сунуштоочулардын милдеттери
1. Наамга сунуштаган уюм бардык талап кылынган документтерди комиссияга тапшырат. «Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуул» наамын Бостери айыл аймагында жашабаган жана Ысык-Көл районунда иштебеген адамдарга ыйгарууга тыюу салынат.
3. «Бостери айыл аймагынын Ардактуу атуул» наамына ээ болгон адамдар бул сыйлыкка аяр мамиле кылуусу зарыл. Сыйлык бир гана жолу ыйгарылат.