Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 24-апрели № 193
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын дотациялык калктуу конуштарында ачылуучу өнөр жай жана инновациялык ишканалардын инвестициялык ишине дем берүү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Преференциялык болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштары: Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Ноокат, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды;
- социалдык-экономикалык абалды туруктуу деңгээлде кармоо максатында республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды (трансферттерди) алган айыл аймактары.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Преференциялык калктуу конуштарда иштерди жүзөгө ашыруу жөнүндө типтүү инвестициялык макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу), 2-тиркемеге ылайык.
3. Конкреттүү калктуу конуштун аймагынын чектеринде преференциялык өнөр жай ишканаларына салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеңилдетилген салык салууга тийиш жана өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканаларына инвестициялык салымдарды ишке ашырган инвесторлор менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) макулдашууларды түзүүдө жеткирүүнүн жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзгөн, катары менен келген 6 календардык айдын ичинде продукциянын экспорттук жеткирүүлөрүн ишке ашырган жана 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканаларынын өндүрүштөрүн экспортко багытталган деп эсептешсин.
5. Жеңилдетилген салык салуу преференциялык өнөр жай ишканаларынын жеңилдиктер берилген калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата колдонулбайт.