Редакцияот 02.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2022-жылдын 2-июну № 21

 

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө 2014-жылдын 17-февралы Токтом № 99, 2021-жылдын 16 июнундагы № 80 токтомдорунун редакциясына ылайык, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомуна ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын аты тажик тилине жакын болгондугуна байланыштуу Говсувар айыл атын Орто-Боз айылы деп атын өзгөртүү боюнча жогоруда келген каттардын негизинде карап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы токтом кылат

 

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Говсувар айылынын атын,  Орто-Боз айылы деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ибрагим уулу Т.