ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Талап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы
2023-жылдын 7-марты № XVII/5
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жѳнүндѳ
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Бюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 “Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Буйругунун негизинде, ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү Аймак 2” долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдө жакшыртуу үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобун түзүү максатында, Депутаттардын Жаны - Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Жобо кабыл алынсын (тиркеме тиркелет).
3. Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Жобого ылайык айыл аймак чегинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрагасы: | Ж.Турдубеков |
Жаны-Талап айылдык кеңешинин “ 7 ” март 2023-жылдын № XVII/5 токтомуна 1-тиркеме |
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы
1. | Турдубеков Жекшенбек Абысейитович – айылдык кеңешинин депутаты – топтун жетекчиси. |
2. | Мурзалиева Чолпон Керээзбековна – жооптуу катчы – топтун мүчөсү |
3. | Абдылдаев Мирлан Марсбекович – айыл өкмөтүнүн башкы адиси – топтун мүчөсү |
4. | Карасартов Эркинбек – аксакалдар сотунун төрагасы – топтун мүчөсү |
5. | Кулманбетова Мээрим – мектеп директору – топтун мүчөсү |
6. | Кайыпов Алмас Бекказиевич – айыл тургуну – топтун мүчөсү |
7. | Кадыркулов Токо Карыпбаевич – айыл тургуну – топтун мүчөсү |
8. | Мурсалиева Женишкүл – бала бакча башчысы- топтун мүчөсү |
9. | Исраилова Элмира Мажитовна – айылдын тургуну – топтун мүчөсү |
10. | Шамбетов Курманбек – айылдын тургуну- топтун мүчөсү |
11. | Ысмагул уулу Сыртбек – жаштар уюмунун төрагасы – топтун мүчөсү |