Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 24-январы № 8
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 29, 2005-жылдын 30-июнундагы № 87, 2005-жылдын 5-августундагы № 120, 2006-жылдын 27-январындагы № 31, 2006-жылдын 24-февралындагы № 63, 2006-жылдын 12-майындагы № 85, 2006-жылдын 12-майындагы № 86, 2006-жылдын 8-августундагы № 162, 2007-жылдын 10-августундагы № 144, 2009-жылдын 20-июлундагы № 238, 2011-жылдын 8-июлундагы № 86, 2011-жылдын 8-июлундагы № 87, 2011-жылдын 24-декабрындагы №253, 2012-жылдын 11-апрелиндеги №29, 2012-жылдын 8-августундагы №156, 2012-жылдын 8-августундагы №157, 2015-жылдын 19-мартындагы № 60, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 25-июлундагы № 139, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 18 ноября 2016 года № 181, 2017-жылдын 5-январындагы № 2, 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын15-ноябры № 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр төмөндөгүлөр болуп саналат:
а) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр);
б) дыйкан (фермердик) чарбалары;
в) жеке ишкерлер жана жеке жактар.
Ушул Мыйзамдын ченемдери өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана аларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. 21, 22, 5, 51-статьяларда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактар, алардын обочолонгон кичи бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:
1. Иш берүүчүлөр үчүн:
а) жалданган кызматкерлердин, туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан, аткарууга кабыл алынгандардын анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) I жана II топтогу майып кызматкерлердин, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
в) (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
г) дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлеринин пайдасына кошуп эсептелген төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн, - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Кызматкерлер үчүн:
а) туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан жалданган кызматкерлер, анын ичинде пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
а1) каржылоонун булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.