Загрузка документа…
Тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 243 токтомуна) |
Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу (мындан ары - Электрондук каталог) аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартибин аныктайт.
2. Электрондук каталог берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан учурдагы бааларды көрсөтүү менен сунушталуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинен турат.
3. Сатып алуучу уюмдар Электрондук каталогду жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен жана түздөн-түз келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууда пайдаланышат.
4. Электрондук каталог түздөн-түз келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3, 6, 7, 8, 11, 12, 15, 17, 19-пункттарынын негизинде колдонулат. Сатып алуучу уюм сунуш берүүнүн мөөнөтүн төмөнкүчө белгилейт:
- 6, 11, 15 жана 17-пункттарды колдонууда - эки иш күнгө жетпейт;
- 3, 7, 8, 12 жана 19-пункттарды колдонууда - эки иш күндөн кем эмес.
5. Электрондук каталог ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды сатып алууда колдонулат.
6. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Электрондук каталогду башкаруу үчүн жооптуу орган болот.
2-глава. Берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификацияларын текшерүүнүн жана Электрондук каталогго жол берүүнүн тартиби
7. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу үчүн берүүчүлөрдө (подрядчыларда) товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ошол категориясы үчүн квалификациясы болууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте Электрондук каталогго кирүү мүмкүндүгүн алууга тийиш, алар:
- келишим түзүүгө юридикалык жактан укуктуу болуу;
- өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн керектүү документтеринин болушу;