Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 28-июну № 325
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарды комплекттөө маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (финансы полициясы) кызмат өтөө маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (финансы полициясы) кызмат өтөө жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Жетондун" деген сөз "Кызматтык жетондун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунда:
расмий тилдеги текстинин биринчи абзацындагы "владеющим" деген сөз "владеющие" деген сез менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Анкеталык маалыматтар өзгөрүлгөндө кызматкерлер 10 иш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кадр бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү.";
он үчүнчү-он бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- юридикалык же экономикалык, журналистикалык жана/же филологиялык - басма сөз кызматы бөлүмүнө;