Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-марты № 176
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 383, 2014-жылдын 8-июлундагы № 383, 2015-жылдын 23-апрели № 250, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 639, 2011-жылдын 22-августундагы № 473 , 2017-жылдын 4-июлундагы № 415 , 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 , 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 30-майындагы № 245 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 , 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539, 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө болгон чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүчү жаңы, заманбап, натыйжалуу жана кесипкөй мамлекеттик органды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, анын иши кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө иши, кылмыш иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жолу менен аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга, ачууга жана тергөөгө багытталган аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) жобосу 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясында) кызмат өтөө жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
24-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкү мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
27-1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) | 260 |
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөрүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) борбордук аппараты Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1 дареги боюнча жайгаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) аймактык бөлүмдөрүн айрым мамлекеттик органдарды өзгөртүлүп түзүүнүн жана жоюунун жүрүшүндө бошогон имараттарга жайгаштырууну камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансы полициясына) кызматкерлерди алуу жөнүндө жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын;
- жоюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарын кабыл алуу жөнүндө маселелерди белгиленген тартипте чечсин;