Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-сентябры № 493
Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300 токтомунун редакциясына ылайык)
«Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлери, 1-тиркемеге ылайык;
2) Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча типтүү нускама, 2-тиркемеге ылайык;
3) Адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугу тууралуу типтүү нускама, 3-тиркемеге ылайык;
4) Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоого жардам көрсөтүү боюнча нускама, 4-тиркемеге ылайык;
5) Укук коргоо органдары тарабынан адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктарына багытталган мамиле кылуусу боюнча нускама, 5-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген нускамалар менен критерийлер (мындан ары – Нускамалар) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин курамдык бөлүгү болуп санала тургандыгы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору:
1) компетенциясына бул токтомдун 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчалары менен бекитилген нускамалар аркылуу жөнгө салынуучу маселелер киргендер өздөрүнүн ведомстволук нускамаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомуна ылайык келтиришсин;
2) эгерде компетенциясына нускамалар аркылуу жөнгө салынган маселелер кирсе, алар:
- адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ушул токтомду жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына топтолгон маалыматты берип турсун.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунун 4-пунктчасы менен бекитилген Адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жактан жардам көрсөтүү боюнча нускаманын негизинде адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык комиссиялар жөнүндө жобону жана алардын курамын бекитишсин, андан ары тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.