Загрузка документа…
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 6-декабры № 670
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабынын бүткөрүлө элек иш-чараларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын экинчи этабын ишке ашыруунун 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планында:
- "2019-ж." графасында:
5-пунктундагы "1,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;
8-пунктундагы "2,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;
18-пункту "9,953" цифралары менен толукталсын;
20-пунктундагы "3,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;
22-пункту "6,611" цифралары менен толукталсын;
24-пунктундагы "1,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;