Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 5-январы № 5
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437, 2019-жылдын 4-октябрындагы № 520, 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670, 2020-жылдын 13-августундагы № 419, 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 539 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашырууга карата 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- ушул токтомду тиешелүү жылга республикалык бюджетте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарында каралган каражаттардын чегинде ишке ашырышсын;
- Иш-чаралар планына ылайык тейлеген багыттары боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгып бекитишсин жана Иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Иш-чаралар планын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттын чегинде өз убагында каржылоону камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)