Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 567 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары - Агенттик) жөнүндө ушул жобо "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана Агенттиктин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктар жана милдеттер жүктөлгөн, пайда алуу максатын көздөбөгөн оперативдик башкаруу укугундагы мамлекеттик мекеме - юридикалык жак болуп саналат.
4. Агенттиктин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылган мөөрү бар. Агенттиктин расмий толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
расмий тилде: Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики.
Агенттиктин штампы, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкы бар.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төлөмдөрүнүн эсебинен Депозиттерди коргоо фондусун толуктоо үчүн каралган Агенттиктин эсеби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылууга жана тейленүүгө тийиш. Агенттикти кармоого каралган Агенттиктин банктык эсептери коммерциялык банктарда ачылат.