Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 6-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүү тартибин жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду (мындан ары - жолдомолор) берүү арыз ээсинин жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаардык, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.";
- 3-пунктунун биринчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "аймактык бөлүмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жолдомо алуу үчүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө төмөнкү документтер берилет:
- жолдомо алууга жеке арыз;
- сунушталган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмунун медициналык көрсөтмөлөрдүн болушу жөнүндө белгиленген формадагы маалым каты;
- санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарылдыгы жөнүндө I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу;
- психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн психиатрдын санаториялык-курорттук дарылануу зарыл экендиги жөнүндө корутундусу;