Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-августундагы № 191 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 3-апрели № 38
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
майыптык белгиси боюнча басмырлоо - адамдын саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же кайсы болбосун башка жааттагы бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин башкалар менен тең катарда таануусун, ишке ашыруусун же жүзөгө ашыруусун кемитүү же тануу максаты же натыйжасы болгон, майыптыгынын себеби боюнча кайсы болбосун айырмачылык, четке кагуу же чектөө;
инфраструктурага жетүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бардык категориялардагы адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жана коопсуз орун которуу, имараттарга жана курулмаларга жете алуу жана коомдук транспортту, жөө жүрмө тротуарларды, автомобиль жолдорун, байланыш каражаттарын жана коомдук пайдалануудагы башка техникалык каражаттарды (банкоматтарды, төлөө терминалдарын д.у.с.) пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
майыптык - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, мыйзамда белгиленген тартипте белгиленүүчү, адамда туруктуу дене бойлук, психикалык же акыл-эстик бузулуулардын бар экендигин билдирүүчү социалдык-юридикалык статус. Бузулуунун деңгээлине жараша майыптыктын I, II жана III топтору белгиленет. 18 жашка чейинки балдар "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала" категориясына киргизилет;
реабилитациянын жекече программасы - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын турмуш-тиричиликтик, социалдык жана кесиптик ишке карата жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө багытталган реабилитациялык чаралардын айрым түрлөрүн, формаларын, көлөмдөрүн, ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана тартибин, социалдык жардамдын түрлөрүн, техникалык каражаттардын тизмегин камтуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ар бир адам үчүн анын жеке керектөөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө ылайык жекече иштелип чыгуучу оптималдуу реабилитациялык иш-чаралар комплекси;
инфраструктура - Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайлык, администрациялык жана башка имараттардын, курулмалардын, жөө жүрмө тротуарлардын, автомобиль жолдорунун, коомдук транспорттун, коммуникациялык жана башка техникалык каражаттардын жыйындысы;
квоталоо - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык колдоо максаттарында алардын коомдук иштин өзүнчө чөйрөлөрүндө милдеттүү катышуусунун нормаларын белгилөө;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын кесепеттери же дефекттер менен шартталган, организмдин функциялары туруктуу чачкындаган, адамды социалдык коргоого алуу жана реабилитациялоо зарылдыгын пайда кылган ден соолугунун бузулушу бар адам;