Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана
компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана
төлөөнү контролдоо боюнча
нускама
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июнундагы № 319, 2024-жылдын 3-июлундагы № 349, 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул нускама бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, төлөөнүн, өндүрүүнүн, кайтаруунун, аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
Бажы төлөмдөрүнө "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 40-беренесинде аталган милдеттүү төлөмдөр кирет.
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) бажы чек арасы аркылуу ташып өтүүдө бажы төлөмдөрүн өндүрүү бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге, актыларга (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан ишке ашырылат.
3. Ушул Нускамада түшүнүктөр бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
4. Жеке жактар тарабынан ташып өткөрүлүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн өндүрүү бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Эл аралык почта жөнөтүүлөрү аркылуу бажы аймагына ташып киргизилүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн колдонуу Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Кодекс) 266-беренесине, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Товарларды бажы чек арасы аркылуу ташып өтүүдө бажы төлөмдөрүн, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелер Мыйзамдын 53 жана 85-беренелерине ылайык пайда болот жана токтотулат.
Жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн бажы аймагына ташып киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенме Кодекстин 268 жана 269-беренелерине ылайык пайда болот жана токтотулат.
6. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар Кодекстин 54- беренесинин 4-пункту, 72-беренесинин 4-пункту, Мыйзамдын 41- беренесинин 3-бөлүгү менен аныкталган учурларда төлөнбөйт.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын төлөө үчүн жооптуу жактар болуп төлөөчүлөр саналат.
Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүлөр болуп декларант же бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон башка жактар саналат.
Ар адам бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүнүн пайдасына төлөөгө укуктуу.
II. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге
каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнүн