Загрузка документа…
| 5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Эркин кампа жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо менен төмөнкүлөр жөнгө салынат:
- эркин кампаны уюштуруу жана жоюу тартиби;
- эркин кампалардын ээлери катары иш жүргүзүүгө кызыкдар болгон ата мекендик юридикалык жактарды эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жана бул реестрден чыгаруу шарттары жана тартиби, ошондой эле эркин кампанын ээси катары ишти токтото туруу жана аны кайра жаңылоо тартиби;
- эркин кампалардын ээлеринин реестрин жүргүзүү тартиби;
- эркин кампаны жайгаштырууга, жабдууга жана иштөөсүнө талаптар;
- товарларды эркин кампага жайгаштыруу жана товарларды эркин кампанын аймагынан ташып чыгуу өзгөчөлүктөрү.
2. Ушул Жободо терминдер жана алардын аныктамалары Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде, ошондой эле төмөнкү терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.
1) эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар болгон юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган ата мекендик юридикалык жак;
2) инженердик-техникалык каражаттар - тосмолор, сигнализация системалары, видео байкоо каражаттары, ошондой эле товарларды контролдоону камсыз кылуу жана аларды корголгон зонанын периметри аркылуу санкцияланбаган өткөрүүлөрдү аныктоо үчүн зарыл болгон башка каражаттар;
3) эркин кампанын ээси - эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы;
4) экономикалык негиздеме - эркин кампалардын ээлеринин реестрине кирүүгө талапкер юридикалык жак тарабынан даярдалуучу, ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды өзүнө камтуучу презентациялык материал түрүндөгү документ;
5) текшерүү актысы - эркин кампа катары пайдаланууга багытталган аймактын, ошондой эле анда жайгашкан курулмалардын (жайлардын) белгиленген талаптарга ылайык келүүсүнө карата бажы органы тарабынан ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн документ;
6) эркин кампалардын ээлеринин реестри (мындан ары - Реестр) - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү эркин кампалардын ээлери тууралуу маалыматтардын жыйындысы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)