Загрузка документа…
| 6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Бажы өкүлүнүн жана электрондук соода
операторлорунун кызматкерлерине квалификациялык талаптар
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Квалификациялык талаптар (мындан ары - Талаптар) бажы операцияларын түздөн-түз жүргүзгөн бажы өкүлдөрүнүн кызматкерлерине, электрондук соода операторлоруна (мындан ары - бажы операциялары боюнча адистер) талаптарды жана бул адамдарга мындай квалификациялык талаптарга алардын ылайык келүүсүн ырастаган документти берүү шарттарын белгилейт.
Орто же жогорку кесиптик билими бар, бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алган Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны бажы операциялары боюнча адис боло алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү болуп анын колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде бажы операциялары боюнча адис катары иш жүргүзүүгө анын ээсинин укугун күбөлөндүргөн документ саналат.
3. Бажы операциялары боюнча адис төмөнкү тармактарда бажы өкүлү же электрондук соода операторунун кызматкери катары бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон билимге ээ болууга тийиш:
1) бажылык жөнгө салуу жана бажы иши - бажы жол-жоболору, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүү тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрү, бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү, товарлардын бажылык наркын жана чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери, Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштердин товардык номенклатурасына ылайык товарларды квалификациялоо, бажы органдары тарабынан бажы контролун жүргүзүү тартиби, бажы статистикасы, бажы иши чөйрөсүндө кылмыштар жана бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары, бажы кызматын уюштуруу, бажы органдарынын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери;
2) тышкы экономикалык иштер жана аны мамлекеттик жөнгө салуу - тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүү жана аткаруу тартиби, тышкы соодада ташуу жана камсыздандыруу баалары, шарттары, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, ички рынокту коргоо боюнча чаралар, товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүүдө техникалык жөнгө салуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер адамдардын билимин текшерүү квалификациялык экзамен формасында жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча ушул Талаптын тиркемесине ылайык формада бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү берилет.
5. Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин бажылык укук мамилесин жөнгө салуучу ченемдерди жана бажы иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өзгөртүүдө, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы операциялары боюнча адистер үчүн квалификациялык экзаменди мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелөөгө укуктуу.
6. Квалификациялык күбөлүк квалификациялык экзамен тапшырган күндөн тартып он беш күндүн ичинде берилет.
Квалификациялык күбөлүк бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча журналга катталат жана квалификациялык экзамен тапшырган адам паспортун же ким экендигин ырастаган башка документти, экзамендик баракчасын көрсөткөндө берилет.
7. Квалификациялык экзаменди өткөрүү регламенти бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана төмөнкүлөрдү карайт:
1) экзаменди уюштурууда жана өткөрүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын иш аракеттеринин ырааттуулугун;