Загрузка документа…
| 8-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана аныктоо тартиби
3. Бажылык контролдоо зоналарында өндүрүштүк жана башка чарба ишин жүргүзүү
4. Бажылык контролдоо зонасынын укуктук режими
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесине ылайык иштелип чыкты жана бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибин жана шарттарын, ошондой эле бажылык контролдоо зоналарынын укуктук режимин аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда, бажылык укук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде (мындан ары-бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар), Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
3. Бажылык контролдоо зоналары туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.
4. Туруктуу бажылык контролдоо зоналарына төмөнкүлөр кирет:
1) бажы органдарына тиешелүү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган же өткөрүү пункттарын кармоо үчүн жооптуу мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын чегиндеги аймактар (мындан ары - бажы чек арасы);
2) бажы органдарына тиешелүү болгон, бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жасалуучу жерлердин чегиндеги аймактар же юридикалык жактарга тиешелүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жасалуучу аймактар;
3) электрондук соода оператору, бажы органдары өз ишин жүргүзүп жаткан убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары бажы иши жаатындагы ишти жүргүзүү үчүн реестрге киргизилген юридикалык жактарга таандык убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн жана электрондук соода кампаларынын аймактары, ошондой эле эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган эркин экономикалык зоналардын аймактары.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бажылык контролдоонун убактылуу зоналары болуп бажы органдары тарабынан аныкталган жерлер эсептелет:
1) бажы декларациясын берүүнүн алдында бажы органдары бажы операцияларын жүргүзүү үчүн, - аларды жүргүзүү учурунда, эгерде мындай операцияларды жүргүзүүдө бажы органдары өзүнүн функцияларын тоскоолсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылуу зарылдыгына жараша бажылык контролдоо зонасын аныктоо талап кылынса;