Загрузка документа…
| 12-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Бажылык текшерүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 134-138-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана бажы органдарынын кызматтык адамдары тарабынан бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Бажылык текшерүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн жана бажылык текшерүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары (мындан ары - адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажылык укук мамилелерди жөнгө салган эл аралык келишимдерде, актыларда (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар), Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
Адистештирилген бөлүмдөр өз ишин пландоодо, бажылык текшерүүлөрдү аткарууда жана бажылык текшерүүлөр боюнча отчетторду даярдоодо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн көз карандысыз болууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бажылык текшерүү Кодекстин 331-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана (же) катталган текшерилүүчү жактарга карата жүргүзүлөт.
4. Бажылык текшерүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) товарларды бажы жол-жобосуна коюу фактысы;
2) бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастаган документтердеги жана (же) бажы декларациясында билдирилген маалыматтардын тууралыгы;
3) шарттуу чыгарылган товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөрдүн сакталышы;
4) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде, актыларда, Кодексте, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бажы иши чөйрөсүндөгү иштин ар бир түрү үчүн каралган милдеттерди бажы иши чөйрөсүндө иштеген жактар тарабынан аткарылышы;
5) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор реестрине кирүүгө талапкер болгон юридикалык жак тарабынан мындай реестрге кирүү шарттарынын сакталышы, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор реестрине кирүү шарттарынын сакталышы жана башка милдеттердин аткарылышы;
6) бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды пайдалануу шарттарынын сакталышы;
7) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде, актыларда, Кодексте, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка талаптардын сакталышы;
8) бажылык текшерүүлөр эгерде бул бажылык текшерүүнүн максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылбаса аралыктан колдонулуучу технологияларды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.