Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 4-июну № 301
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 301 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген, полимер материалдарынан таңгактоочу пакеттерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга, соодада жана тейлөө чөйрөсүндө акысыз берүүгө мыйзамда белгиленген тыюуларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын белгилөөнү караштырган "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жана жеке буюмдарды транспорттоодо жана таңгактоодо, ошондой эле жүк коюучу пломбаланган отсектердеги товарларды транзиттик өткөрүүдө жеке өзү колдонуу үчүн жеке адамдар тарабынан ташылып кирген пакеттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына полимер пленкасынан пакеттерди ташып кирүүгө тыюу киргизүүнү белгилөө сунушталууда.
Бирок сунушталган Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын аймагына полимер пленкасынан пакеттерди ташып кирүүгө Мыйзамда белгиленген тыюуну бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-пунктуна ылайык ченемдик укуктук актынын күчүнө кирүү тартиби жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүү корутунду жобо түрүндө берилген.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2 жана 3-беренелеринде каралган жоболорду бир беренеге бириктирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалым кат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт.