Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 9-июну № 316
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
|
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоору кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөө боюнча салыктык башкарууну жакшыртууга, ушул салык салуунун классикалык механизмине ылайык соода түйүндөрүнө КНС боюнча салыктык түйшүктү жүктөөнүн негизинде товар сатып өткөрүү баскычында ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, айыл чарба кооперативдерин жана айыл чарба багытындагы соода-логистика борборлорун каттоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153-беренесинин 19, 20, 53-пункттарына ылайык алардын ишине карата айрым талаптар коюлгандыгын билдиребиз. Алсак, айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчү субъекттер айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналат, мында бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем болбошу керек. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор төмөнкүдөй белгилерге шайкеш келиши керек: - ички рынокту айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана ата мекендик айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды экспорттоо жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга тийиш; |