Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 12-июну № 331
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 14-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана 1, 2-пункттарында:
- ар түрдүү жөндөмөдөгү "Ведомстволор аралык" деген сөздөр алып салынсын;
- "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "республикалык деңгээлдеги" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жободо:
- аталышында жана 1-пунктунда:
- "Ведомстволор аралык" деген сөздөр алып салынсын;
- "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "республикалык деңгээлдеги" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды