Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 7-июлу № 367
2019-жылдын 16-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Арабия Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 16-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Арабия Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сауд тарапка аталган Меморандумдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-августундагы № 62 (3134) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |