Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 токтомунун редакциясына ылайык)

2020-жылдын 9-июлу № 377

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесинде:

- 9-пунктундагы "арыз берүүчүдөн суроо-талапты алган күндөн баштап 20 иш күндүн" деген сөздөр "шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдан суроо-талапты алган күндөн тартып 10 иш күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-июлундагы № 60 (3132) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов