Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин ЭРЕЖЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №422, 2015-жылдын 10-марты № 105, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 171, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 206, 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1. Бул эреже Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан.
2. Бул эреже инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууну, пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү жүргүзгөн уюмдар менен жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын, мамлекеттик органдардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактардын ортосунда техникалык шартты аныктоо жана берүү, жаңы курулуш объекттерин кошуу (реконструкциялоо, арналышын өзгөртүү, кайра пландоо) процессинде же курулган, бирок электр, газ, жылуулук, суу менен камсыздоо жана суу бөлүп чыгаруу, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына (мындан ары - техникалык шарттар) кошулбаган объекттерди кошууда пайда болгон мамилени жөнгө салат, ошондой эле техникалык шарттарды аныктоо жана берүү, объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу жана кубаттуулукту көбөйүүнү же азайтууну эске алуу менен баланстык тиешелүүлүгүн аныктоо тартибин жөнгө салат.
3. Бул эреже инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын куруунун (реконструкциялоонун) же ресурстарды өндүрүү боюнча жабдууларды инженердик-техникалык камсыздоонун технологиялык байланышкан тармактарына убактылуу же туруктуу кошуунун жыйынтыгында да колдонулат.
3-1. Ушул Эреже борборлоштурулган жылуулук жабдуу системаларынын электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу булактарынан тышкары, электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдү аныктоо тартибин белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул эреже техникалык шарттарды алуунун жана объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун тартибин белгилейт, алар үч этапты камтыйт:
- инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шартты алуу;
- инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга келишимдерди түзүү;
- ресурстарды берүүгө жана техникалык тейлөөгө келишимдерди түзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-марты № 105 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Ушул эрежеде колдонулган түшүнүктөр: