Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 452, 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо маркалоо системасынын иштөөсүн жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башка улуттук операторлорунун (администраторлорунун) суроо-талабы боюнча маркалоо коддорун берүүнү камсыз кылуучу Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук операторду тандоо курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик орган же менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм улуттук оператор болуп аныкталган учурда тандоо жүргүзүлбөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы ("Товарларды маркалоо" АМС) - маркаланууга тийиш товарды санариптик идентификациялоо каражаттары менен камсыз кылуучу маалыматтык система;
2) тандоонун катышуучусу - менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм;
3) тандоого катышуу үчүн өтүнмө - катышуучунун сунуштарын, ошондой эле тандоонун катышуусуна коюлуучу талаптарга катышуучунун шайкеш келүүсүн ырастоочу маалыматтарды камтыган документтердин пакети.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
3-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2-глава. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия
4. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул жобону жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын ишинин жыйынтыгында алынган маалыматтарды жайылтпоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюшат.
6. Комиссия төрага, төраганын орун басары, мүчөлөрү жана Комиссиянын катчысынан турат. Комиссиянын катчысы добуш берүү укугуна ээ эмес.
7. Комиссиянын катчысы болуп ыйгарым укуктуу салык органынын жооптуу кызматкери эсептелет.
8. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жетекчилик кылат, Комиссиянын жыйынына төрага болот жана анын күн тартибин бекитет.
9. Комиссиянын төрагасы жок учурда, анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басары жок болгон учурда, Комиссиянын төрагасы болуп Комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан анын милдеттерин аткаруучу дайындалат.