Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-октябры № 514
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193, 2022-жылдын 18-октябрындагы N 570, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү "убактылуу жобо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жобо" деген сөз менен, 3-пунктундагы "Убактылуу жобого" деген сөздөр "Жобого" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Улуттук оператор белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча идентификациялоо каражаттарын жеткирүүнүн, ошондой эле маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн наркын белгилесин.";
3) 7-пунктундагы "жана 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулат" деген сөздөр алып салынсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жободо:
- аталышындагы, 1, 3, 4, 24, 26, 30, 32 жана 37-пункттарындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Убактылуу жобо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Жобо" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.Боронов |
|
| 1-тиркеме |
|
|