Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 1-октябры № 510
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга берип турушсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)